Menu

Казакстандын түрмөсүндө төрт киши каза болду

Бөлүшүү:

20-мартта Казакстандын Костанай облусундагы колонияда дароо төрт адам каза тапты. Расмий версия боюнча алар органикалык эриткичтен ууланышкан.

«Кечинде соттолгондор колониянын өндүрүш зонасында иштеп жаткан кезде курамында спирти бар химиялык затты ичип, ууланышкан. Баары тез жардам менен жакын жердеги Ауликол райондук ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлердин аракетине карабастан, төртөө ооруканада каза тапты», – деп билдиришти өлкөнүн Кылмыш жана жаза аткаруу комитетинен.

Мекеменин маалыматына караганда, дагы төрт киши жабыркап, бейтапканага жеткирилген. Алардын үчөөсүнүн абалы оор экени кабарланууда.

Учурда камактагы адамдардын өлүмү боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: