Menu

Сапар Исаков «Roland Berger» компаниясынын башкаруучу директору Штефан Хайд менен жолукту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков «Roland Berger» компаниясынын башкаруучу директору Штефан Хайд менен жолукту.

Сапар Исаков Өкмөт республикага инвестицияларды тартуу боюнча жигердүү иш алып барып жатканын белгиледи. Бүгүнкү күндө өлкөдө чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча жагымдуу шарттар түзүлүүдө.

«Бизде бажы жана салык системасында терең реформа башталды. Мисалы үстүбүздөгү жылдын январь-февралында бажы төлөмдөрүнүн өсүү темпи 2017-жылдын ушул мезгили менен салыштырсак 167,9% өскөн, жана бул жакшы көрсөткүч болуп саналат. Андан тышкары салык системасын жакшыртуу максатында салык мыйзамынын түзүлүшүн өзгөртүү алкагында салык процедураларын фискалдаштыруу жүрүүдө», – деди Сапар Исаков.

Премьер-министр Кыргызстандын рыногунда «Roland Berger» компаниясынын пайда болушу өлкөнүн экономикасына жаңы кыймыл берет.

Өз кезегинде компаниянын директору Штефан Хайд Кыргызстан менен кызматташууга кызыкчылык артып жатканын билдирип, өкмөттүк программаларды ишке ашырууда өз тажрыйбасы жана кызматтарын көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

«Биз сиздер менен кызматташууга жана Кыргызстанды алдыга жылдыра турган программаларды иш жүзүнө ашырууга жардамыбызды берүүгө даярбыз», – деди Штефан Хайд.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталаган санариптик трансформация боюнча долбоорлорду талкуулашты.

«Roland Berger» компаниясынын директору Штефан Хайд консультациялык жардам берүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Сапар Исаков Өкмөт «Roland Berger» компаниясы тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоого ыраазычылыгын билдирди.

Маалымат иретинде: «Roland Berger» – көз карандысыз компания, ал жалаң өнөктөштөрүнүн жеке менчигинде турат, алар өз кезегинде компаниянын жыйынтыктарына жана рыноктогу ийгиликтерине жооп берет. Компания 1967-жылы негизделген, ал бүгүн Европадан чыккан жалгыз алдыңкы эл аралык консалтинг фирмасы бойдон келе жатат. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: