Menu

Кыргызстанда биринчи жолу орто кесиптик окуу жайларда ишкерликти үйрөтүшөт

Бөлүшүү:

Билим берүү жана илим министрлиги биринчи жолу Ишкерликке окутуунун улуттук концепциясын иштеп чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Концепция орто кесиптик окуу жайларында билим алган студенттерди ишкердикке окутуу, аларды жумушка орноштуруу жана бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатын көздөйт.

Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн тегерек столдо (“Жаңы муун жаңы көндүмдөр менен!”) “Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү программасынын” жардамында иштелип ишкерликке окутуу боюнча улуттук концепциясы тааныштырылып, талкууланды.

Иш чарага Билим берүү жана илим, Экономика, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрликтеринин, Соода-өнөр жай палатасынын, бизнес-сектордун, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Концепциянын түзүүчүлөрүнүн айтымында, документтин биринчи долбоору эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен даярдалды. Ал колледждерде билим алган студенттердин ишкерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Ишкерлик боюнча жаңы окутуу модулдары аларга өзүн-өзү иш менен камсыз кылууга, жумушка орношууга жана бизнести өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Талкуунун жүрүшүндө ишкерликке окутуу концепциясында эл аралык тажрыйбалар менен катар улуттук көз караштарды да эске алуу сунушталды. Ошондой эле өлкөдөгү билим берүү системасына ишкерликке окутууну киргизүү боюнча мамилени жана стратегияны издөө үчүн жалпы, баштапкы жана жогорку билим берүүнү улуттук концепцияга киргизүү зарылчылыгы боюнча маселе көтөрүлдү.

Улуттук концепция 2020-жылда орто кесиптик билим берүү системасына киргизүүгө даяр болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: