Ушинтип 17-декабрда “Бүтүн Кыргызстан” оппозициялык партиясынын лидери шайлоо босогосун 3%га түшүрүүнү талкуулоо боюнча форумда айтып чыкты.
“Биз эмне каалап жатабыз? Биз элге конституциялык укугун кайрып берсин деп жатабыз. Киши: “Менин соодо борборум, базарда контейнерим болбосо да, менин укугум бар, мен кишимин” деп айтышы керек. Биз болсо мамлекетти жоготууга алып бараткандарга кол чаап жатабыз. БШК биздин конституциялык укугубузду чектеп жатат. Биз жаштар келсин деп жатабыз, алар кантип келет? Капчыгы калың депутаттар шайлоо босогосун 3%га түшүрүшү керек, ошондо гана жаштар парламентке келүүгө мүмкүнчүлүк алат. Мына, биз, Өмүрбек Чиркешович жана Ишенбай Дүйшөнбиевич болуп, кудайдын куттумуш күнү угууларды өткөрчүбүз. Түнкү экиге чейин олтурчубуз. Азыркы депутаттар уялчаактык кылып, эки эле саат иштеп жатышат, эшикте суук болсо, үйлөрүнө кетип калышат экен”, -деди А.Мадумаров.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ