Menu

Президент Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабиясына расмий визитинин алкагында бир катар документтерге кол коюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабиясы Королдугуна расмий визитинин алкагында, бүгүн, 16-декабрда, Эр-Рияд шаарында  бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

 Кол коюлган документтер:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргоо жана коргонуу тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы спорт чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу;

— КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Сауд Арабиясынын Айыл чарба, айлана-чөйрө жана суу ресурстары министрлигинин ортосундагы айыл чарба азык-түлүктөрүнүн ветеринардык коопсуздугу боюнча кызматташуу жөнүндө;

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Сауд Арабиясы Королдугунун Билим берүү министрлигинин ортосундагы билим берүү жана илим чөйрөсүндө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө;

— Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Сауд Арабиясы Королдугунун Мамлекеттик пенсиялык агенттигинин ортосундагы пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө;

— Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма жолун (Балыкчы-Каракол-Балыкчы) реконструкциялоо долбоору боюнча насыялык макулдашуу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: