2017-жылдын 16- декабрында Жапониядагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги Токио шаарында кыргыз тили боюнча таймаш өткөрдү. Бул туурасында ТИМ басма сөз кызматы маалымдады.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасы менен Жапон өлкөсүнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орноошунун 25 жылдыгына арналган. Таймаш эки мамлекеттин достук мамилесин бекемдөө максатында өткөрүлдү.
Катышуучуларды сыноого Токио чет тилдер университетинин кыргыз тил мугалими Жакшылык Акматалиева, учурда Элчиликте өткөрүлүп жаткан кыргыз тили боюнча башталгыч курстардын мугалими А.Базаркулова жана Элчиликтин кызматкерлеринен турган комиссия түзүлдү.
Таймаштын катышуучуларын куттуктоо учурунда Кыргыз Республикасынын Элчиси Ч. Айдарбеков Кыргыз маданиятын жана тилин үйрөнүп жаткан жапондордун саны көбөйүп жаткандыгын канаттануу менен белгилеп өтүп, аларга ийгиликтерди каалады.
Таймашка Кыргызстандын ар-кайсы областтарында иштеп келген JICAнын ыктыярчылары катышты. Бардык катышуучулар белектер жана сертификаттар менен сыйланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ