Menu

Биргелешип аракеттенсек, шаарыбызды тургундарына коопсуздук камсыз кылабыз!

Бөлүшүү:

БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) ИИМ менен биргеликте коопсуздук жана кылмыштуулук жаатында изилдөө жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча Свердлов районунун негизги көйгөйлөрү аныкталган: коомдук жерлердеги укук бузуулар, батирлерди тоноо, жол-транспорт кырсыктары жана жашы жете электердин арасындагы укук бузуулар. Аталган изилдөөгө таянып, жергиликтүү администрация, шаардык кеңештин депутаттары, мектеп директорлору, милиция, жарандык коом жана коомдук алдын алуу борборлорунун ортосундагы жемиштүү кызматташтыктын кесепетинен укук бузууларды алдын алуу боюнча биргелешкен планды иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган. Биргелешкен планды ишке ашыруу учун, БУУ БКБ эки миллион сомдук каражатка, Свердлов районундагы Келечек жаны конушунда участкалык милиция пунктунун жаны имаратынын курулушун каржылады. Бул туурасында БУУ БКБ менен ИИМдин Басма Сөз кызматы билдирет.

Келечек жаны конушу Бишкек шаарынын Свердлов районунун калкы эң бир жыш жайгашкан жаңы конуштарынын бири болуп саналат. Мында 7 341 тургун жашайт. Милициянын жаңы участкалык пункту АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин, Баңгизаттардын эл аралык жүгүртүлүүсүнө каршы күрөшүү жана укуктук тартипти сактообюросунун, каражатына курулган. Ушул жылы БУУ БКБ жана INL укук бузууларды алдын алуу боюнча иш чараларын откорушту. Аыны ичинде, 30 дан ашуун оспурумдор менен иш алпарган инспекторлор жана коомдук ишмерлер кылмыштарды алдын алуу боюнча окутууларды отушту. Бул жылы, кошуна кузоту аттуу долбоор башталып, анын алкагында шаардын кичи-районунда видео камералар орнотулуп, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча буклеттер дярдалды. Ошондой эле, укук бузууларды алдын алуу боюнча маалымдуулугун арттыруу учун 1500 киши укчу радио уктуруулардын сериясы чыкты.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов: «Милиция менен калктын биргелешкен иши өтө маанилүү, өзгөчө – Бишкек шаарында. Биргелешип аракеттенсек, шаарыбызды анын ар бир тургуну үчүн коопсуз кыла алабыз. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин милициянын иштеп жаткан жана жаңы түзүлүп жаткан пунктуларынын алкагында өз ара натыйжалуу иштешиши кылмыштуулуктун алдын алуу жаатында жаңы реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын, Баңгизаттардын эл аралык жүгүртүлүүсүнө каршы күрөшүү жана укуктук тартипти сактоо бюросунун колдоосу менен жагымдуу шарттар түзүлүүдө» деп белгилеп кетти.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги, INL директору Сандип Пол мырза төмөнкүлөрдү белгиледи: «Укук бузуулардын алдын алуу боюнча долбоор, анын ичинде Бишкек шаарынын Свердлов районунда өткөрүлүп жаткан алдын алуучу иш-чаралар милиция менен калктын ортосундагы кызматташтык үчүн жол ачып гана бербестен, калктын коопсуздугун камсыздоо жана укук бузуулардын алдын алуу жаатындагы жагдайды жакшыртуу үчүн бюджеттик каражаттарды пландаштырууга мүмкүндүк берет».

Свердлов районундагы укук бузуулардын алдын алуу ишин колдоо АКШ окмотунун Баңгизаттардын эл аралык жүгүртүлүүсүнө каршы күрөшүү жана укуктук тартипти сактообюросу (INL) аркылуу каржыланып БУУ БКБнын Борбордук Азия мамлекеттери үчүн 2015-2019-жылдарга карата Программасын аткаруунун алкагында өткөрүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: