Жалал-Абад шаардык кеңеши саясий кризиске кептелди. Бир айдан ашык убакыттан бери кворум болбой, мэр шайланбай кызмат талаш өкүм сүрүүдө. Шайлоо жыйынтыкталган кезде шаардык кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Журт” жана “Республика – Ата-Журт” фракциялары коалиция түзүп, төраганы шайлоого аракет кылган. Ал учурда Социал-демократтар жана “Кыргызстан” фракциясы сессияга баруудан баш тартышкан. Кийинчерээк “Республика -Ата Журт” фракциясы коалициядан чыкканын жарыялап, азчылыкта калган Социал-демократтар жана “Кыргызстан” фракциялары менен бир альянска бириккен эле. Бирок бул жагдай дагы маселенин чечилишине өбөлгө болгон жок. Иш жүрбөй интрига күчөп кеткендиктен “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Журт” фракциялары шаар кеңешин таратуу демилгесин көтөрүшүп, туюктан чыгууга башка жол жок калганын айтышууда.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ