Menu

Рысбек Өмүрзаков, журналист: «АШАнын журналисттери арыдан-бери болгулачы…»

Бөлүшүү:

Кыргызстандын карызын үч эсе көбөйтүп, коррупциянын “классиги” болгон экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “кол аарчы кагаздын ролун аткаруучуларынын” бири: “Журналист  Бекен Назаралиев трайбалисттик деңгээлден көтөрүлө албайт”, – деп жазыптыр.  Эми ал катын-кепке деле көңүл бурбай койсок болмок, бирок, ошол “АШАнын “кол жоолук журналисттери: “бакиевчи, артынан барып интервью алып келген”, – дептир.

Журналист катары, Баткенге экстремисттер тобу кирип келгенде, Зардалыга барып, элдин акыбалы туралуу көрүп, жазып келем деп жалгыз  Бекен Назаралиев барган. Топчуке Лейлектин түбүндө жайгашкан колонияда мөөнөттөгөндө, бийликтен коркуп, эч ким барган эмес. Бекен Назаралиев барып, Топчукеден интервью алып келген.

Ат-Башыда канал салынып баштап, Салымбеков менен Жолдошбаевдин тирешинен токтоп калганда, элдин проблемасы тууралуу Бекен Назаралиев гезитине улам макалаларды жарыялап, проблеманы көтөрүп, ал маселени  Жогорку Кенеште раматылык Дооронбек Садырбаев көтөрүп, иш ордунан жылып, Ат-Башылыктардын сугат жерлери кеңейгенин деле жазып коюшса болмок, Жалал-Абаддык трайбалист Ат-Башылыктардын проблемасын чечүү менен алек деп…

Айтмакчы, Базар-Коргон районунун бир-эки айылына таза суу чыгарып берем деп, «Ата-Мекендин» лидери жана Жалал-Абад облусунун партиялык уюмунун жетекчиси элден чогулган акчаны “АП!” деп койгондо, Бекен Назаралиев акча каражат таап, өзү алып барып, элдик жыйын өткөрүп, акча каражаттарын айыл өкмөттөрүнө тапшырып келгенин, Бекенди жамандагандар билбейт дегенден мен алысмын. Бекен Назаралиевди мен 90-жылдардын башынан тааныйм. Бир гана айтып койчу нерсе, Бекен Назаралиев трайбалист болсо, анда кыргыздын бир топ канын “ичкен” Кокондон келген Шаманын чөбөрөсү – периште турбайбы?

АШАга эми кошомат кылуу кеңкелестик болсо керек. АШАнын “кол аарчы кагаздын  ролун аткаруучу” журналист сөрөйлөрдөн сураныч, арыдан-бери болгулачы…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: