19-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш иши каралат. Айыпталуучулардын бири – экс-президент А.Атамбаев.
“А.Атамбаевдин кан басымы бир көтөрүлүп, бир түшүп кетип жатат. Кечээ жолуккам, аз өзүн карманганга аракет кылаарын айтты. Сот болсо да, Алмаз Шаршенович катышпай эле коюушун талап кылабыз. Кыйналып кетип жатат, анын үстүнө ага бул процесс кызыксыз”, – деди жактоочусу Сергей Слесарев. Анын айтымында, Шамил Атахановдун көрсөтмөсүнөн башка эч кандай далил жок.
Ал эми сот имаратынын ичи-сыртында Атамбаевдин бир ууч туугандары топтошуп жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ