Menu

Экс-депутат Жусуп Иманалиев 10 жылга кесилип, депутат Шыкмаматов 5 млн. сом айыпка жыгылды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттин пайдасына 5 млн. сом айып төлөөгө милдеттендирилет. Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 19-декабрда ушундай чечим чыгарды. Аны менен кошо соттолуп жаткан Германиянын жараны “Барат-Юкс” ишканасынын жетекчиси Али Юкселге да ушундай өкүм чыкты. Экөө тең эркиндикте калды. Ал эми мурдагы депутат Жусуп Иманалиевди сот 10 жылга эркинен ажыратты.

Алмамбет Шыкмаматовдун коомдук коргоочусу Канат Хасанов сот чечимине нааразы экендигин, бул иште Шыкмаматовдун күнөөсү жок экенин белгилеп, жогорку сот инстанциясына кайрылышарын билдирди. Адвокат соттук териштирүүдө Шыкмаматовго коюлган айып далилденген жок деп эсептейт.

Буга чейин соттогу акыркы сөзүндө Алмамбет Шыкмаматов өзүнө козголгон кылмыш иши саясий негизде экенин айтып, буга чейинки бийликтер да оппоненттерине каршы кадамдарды жасашканын билдирди. Ал мурунку бийликтин тушунда саясий куугунтукка кабылгандардын арасында экс-президент Алмазбек Атамбаев да болгонун эске салды. Шыкмаматов саясий оппоненттерди кысмакка алгандар кийин өздөрү уят болушканын кошумчалады.

Отурумда Шыкмаматовдун ишине тиешеси бар экени айтылган башка айыпталуучулар да акыркы сөзүн сүйлөп, анын күнөөсүз экенин белгилешти.

Прокуратура Шыкмаматовду сегиз жылга камап, мүлкүн конфискациялоону сураган.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго, Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге быйыл 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси (“Коррупция”) боюнча иш козгогон.

Тергөөнүн маалыматында “2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп өз аялына таандык “Мерседес-Бенц” Е320 автоунаасын 14 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашканы” айтылат. Германиянын жараны Али Юксел жетектеген “Барат Юкс” ишканасы Эсеп палатасына кызматтык унаа сатуу үчүн тендерге катышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: