Menu

Жогорку Кеңеш Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Сунушталган талапкерлер боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы Канат Керезбеков баяндама жасады.

Маалыматына ылайык, Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлер:

  • Тилектеш Бегалиев, Айбек Монолов, Назира Сопубекова (Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы сунуштаган);
  • Алтынбек Кубатбеков (“Республика-Ата Журт” фракциясы сунуштаган);
  • Гүлжан Кошокова (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы сунуштаган);
  • Алмаз Калбаев (“Ата Мекен” фракциясы сунуштаган);
  • Шералы Камчыбеков, Элмира Барктабасова жана Ирина Горшкова (КР Судьялар кеңеши тарабынан көрсөтүлгөн).

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына сунушталган талапкерлерди бекитүү боюнча токтом долбоору кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: