Menu

Уулунун узун чачы үчүн орусиялык аялдын жети асыранды баласын алып коюшту

Бөлүшүү:

Хакасияда жергиликтүү жашоочу Любовь Лицегевичтин уулдарынын биринин чачы узун болгондуктан жети асыранды баласын алып коюшту. “Новая газета” маалымдагандай, камкордук органдары төрт жаштагы баланын узун чачын кумсалыктын белгиси катары кабыл алышкан.

Лицегевич 57 жашта. Ал өмүрүндө 21 баланы тарбияласа, алардын 20сын асырап алган. Хакасия жашоочусу жети баласын алып койгон камкордук органын сотко берди. Ишти кароо уланууда.

Августтун аягында социалдык кызматтар Екетеринбург жашоочусу Юлия Савиновских ден соолугуна байланыштуу эмчегине операция жасаткандан кийин, анын эки асыранды баласын алып коюшкан. Декабрда сот Савиновскихдин балдарын алууну мыйзамсыз деп тапкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: