КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун мамлекеттик кызматкерлердин кабинеттерине илинчү расмий сүрөтү сатылбайт. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирүү таратты.
КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун расмий бекитилген сүрөтү сатыкка чыккан эмес жана мындан ары да сатыкка чыкпайт деп айтылат маалыматта.
“Бардык мамлекеттик органдар менен уюмдарга президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы калыптанып калган салт боюнча Сооронбай Жээнбековдун портретин таратат”, – деп кошумчалашты.
Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин социалдык тармактарда чиновниктерге президент Сооронбай Жээнбековдун портретин сатып алып, кабинеттерге илүү сунушталып жаткандыгы боюнча маалымат тараган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ