Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 22-декабрда парламентке жасаган кайрылуусунда учурдагы банк системасын өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жолундагы негизги тоскоолдук деп атады. Мамлекет башчынын айтымында, азыр Тажикстандын банк түзүмүндө ачык атаандаштык жок.
Президент мамлекет тарабынан каатчылыкка дуушар болгон эки банкка колдоо көрсөтүлгөндөн кийин аманатчылардын бир тобу өз акчаларын кайтарып алышканын белгиледи. Бирок Рахмон мунун жетишсиз чара экенин айтып, өкмөт тез арада өлкөдөгү «Агроинвестбанк» менен «Тоджиксодиротбанктын» каржы абалын жакшыртуу боюнча план иштеп чыгышы керектигин билдирди.
Анын айтымында, быйыл 11 айда калктын насыя мекемелериндеги депозиттери 9 млрд сомонини (1 миллиард доллардан ашык) түзгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 5% аз.
Акыркы жылдары эмгек мигранттарынын өлкөгө акча которууларына түздөн-түз таасир эткен Орусиядагы экономикалык каатчылыктан улам тажик банктары бир катар көйгөйлөргө туш болушту. Бул аралыкта өлкөдө эки банк банкрот деп табылды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ