Menu

Сооронбай Жээнбеков Япониянын императору Акихитону туулган күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков Япониянын  императору Акихитону туулган күнү менен куттуктады. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

“Сиздин туулган күнүңүзгө байланыштуу  Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн чыккан эң жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз. Өлкөлөрүбүздүн ортосунда  дипломатиялык  мамилелердин орнотулгандыгынын 25 жылдыгы белгиленген быйылкы маареке жылында эки тараптуу мамилелерибизге өзгөчө динамика берген биргелешкен бир катар саясый жана маданий-гуманитардык иш чаралар өткөрүлгөндүгүн терең канааттануу менен белгилейм”, -деп белгиленет  Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Кыргыз Республикасынын Президенти кыргыз-япон өз ара пайдалуу кызматташуусу мындан ары  дагы эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн тереңдей берээрине ишенет.“Биз    демократиялык мамлекет куруу жолунда Кыргызстанга Сиздердин өлкөнүн колдоосун ар дайым жогору баалайбыз. Мына ушул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сиздин Улуу урматыңызга жана Сиздин үй-бүлөгө чың ден-соолук жана бакыт-таалай, ал эми  Япония элине  – бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”, -деп белгиленет куттуктоодо.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: