2017-жылдын 22-декабрында саат 07:45те Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кировка айылында турак үй күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Өрттү өчүрүүгө саат 07:45те КР ӨКМнин Ысык-Ата райондук №27 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.
Чыккан өрт саат 07:50дө толук өчүрүлгөн.
Натыйжада үйдөн 1 адамдын жансыз денеси табылган.
Маркумдун өзүгү такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ