КР ӨКМдин куткаруучу кызматына 20-декабрь күнү Бишкектин Токтоналиев көчөсүндөгү бир квартирадан өлгөн адамдын жыты чыгып жаткандыгы боюнча коңшуларынан маалымат келип түшкөн.
Квартиранын эшигин бузуп кирген куткаруучулар бөлмөдө мойнунан асылып турган 25-30 жаштардагы кыздын жансыз денесин табышкан. Кыздын денеси 10 күндөй асылып тургандыктан жыттанып кеткен. Маркум кыз куш тилиндей кат калтырып кетиптир, анда “бул турмуштан жана жалгыздыктан жададым” деп жазган.
Иликтей келгенде кыз али күйөөгө чыга электиги, балдары жоктугу жана квартирада жалгыз жашап келгендиги белгилүү болду.
Азыр маркумдун туугандары табылып, кыздын асынып алуусунун себептери иликтенүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ