Орчундуу окуялардын бири шайлоону Конституциялык жол менен, тынчтык жолу менен өткөзүп берип, жаңы президентти шайлоого жетиштик. Мурунку президент мыйзамдын жолу менен бийликти өткөзүп берип, бүт мамлекеттин символикаларын тапшырып кетти. Жыл аягында мөөнөтү аяктаган президенттин коңшу мамлекеттин лидерине байкабай сүйлөгөнүнүн натыйжасында коңшу мамлекетти таарынтып алдык эле.
Натыйжада чек аралар жабылып, коңшу эки эл жабыр тартып калган. Жаңы президент коңшу казак эли менен болгон чек араны ачканга үлгүрдү. Негизинен ушул жылы жетишкен жактарыбыз ушулар. Бул жыл кырсыктар менен коштолду. Өзүңөр билесиңер, эң чоң апаат аэропорттун жанында катталды.
Булак: Жаны Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ