Menu

Видео – Тажикстандын Жерге-Талынан Чүй облусуна көчүп келген этникалык кыргыз балдарды жергиликтүүлөр сабап, тоноп, басынтып жаткандыгы боюнча тасма тарады

Бөлүшүү:

Тажикстандын Жереге-Тал аймагынан Кыргызстандын Чүй облусуна көчүп келген этникалык кыргыздардын балдарын жергиликтүү балдар сабап, тоноп, басынтып жаткандыгы тууралу видеотасма интернеттеги социалдык тармактарда тарады.

https://www.youtube.com/watch?v=80hgy0pUGhA&lc=z22cs3vzpo35dzfrf04t1aokgc4twscfe4co0emurnpjbk0h00410

Видеотасманы коштогон текстте төмөнкүлөр жазылган:

“Саламатсызбы! Баарыбызга маалым, эгемендүүлүктөн кийин Тажикистан-Кыргызстан чек арасында, тагыраак айтканда Жерге-Тал районунан көптөгөн этникалык кыргыз жердештер көчүп келишкен. Алар Чүй облусунун айылдарында жайгашкан. 

Өлкөбүздөгү рекетердук абал эн жаман таасирин ушул жердештерге тийгизүүдө. Местный балдар көргөн жерден тоноп, сабашат экен. Бул басынтуулардан жана токмоктон улам этникалык кыргыз жердештер мектепке, окууга баруудан да качып келишет экен.
Бул сыяктуу окуялардын себепкерлерин ачыкка чыгарып, бул айбанчылыкка, бөлүнүүгө чекит коюуга көмөк берсенер боло?!
Кээ бир кабарчыларга жиберсем, “биз бир гана саясатка тиешелуу маалымат жүктөйбүз” деп коюшту. Бул видеону көргөн болсонуз, ушинтип ар кычыкта кармап сабап, басынтып жүрүп этникалык кыргыз жердештедин өзгөчө уул балдары мектепке баруудан заарканышып калышыптыр. Өзгөчө 8- 9 – класста башталат экен бул кордоолор. Ошондуктан 9-классты эптеп бүтүрүп мектептен жана айылдан узак жака кетүүгө аракеттенишет экен.

Улуулар көп жака кайрылса да жыйынтык алалбагандыгын айтышууда… Бул акыбалды ондоо баарыбыздын колубуздан келет деп ойлойм. Көнүлкош калбайсыздар деп ойлойм. Окуя Панфилов районунун Чалдовар айылында болууда деп билдирилди.”

Бул видеотасманы укук коргоо органдары иликтеп, укуктук баа берет деген үмүттө бололу. Айрыкча Ички иштер министрлиги бул багытта өз милдетин аткарат деп ойлойбуз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: