Орусия президенти Владимир Путин Ооганстанда абал начарлап бара жатканын, бирок НАТО менен АКШнын контингенти болбосо кырдаал мындан дагы оор болмок экенин билдирди.
Интерфакс маалымдагандай, орус лидери Федералдык Жыйын палатасынын жетекчилери менен жолугушуу учурунда Ооганстандын Тажикстан, Өзбекстан менен чектешкен бардык аймактарында Талибан кыймылынын жоочулары турганын айтты.
Путиндин пикиринде, Ооганстанда “Ислам мамлекети” тобунун жоочуларынын пайда боло башташы жана Талибан кыймылы менен тирешүүсү абалды оорлоштурууда.
«Чындыгында НАТО менен АКШнын коалициясы Ооганстанда жайгашкандан бери абал начарлады. Бирок Кошмо Штаттар ал жакта болбогондо кырдаал мындан дагы жаман болмок. АКШ менен мамилебиз солгун, бирок ишке объективдүү карашыбыз керек», – деди Владимир Путин.
Буга чейин Орусия ТИМи Ооганстан боюнча АКШ менен иштешүүгө даяр экенин маалымдаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ