Menu

Кара-Көлдө 70 жаштагы карыядан акча талап кылып, темир менен сабаган каракчы кармалды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 70 жаштагы жергиликтүү тургунду сабаган адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, 13-июлга караган түнү саат 02:00 чамасында Пойма кичи районунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жашоочусу короодо жүргөн, 1950-жылы туулган кошунасынын Ю.Д. кыйкырыгын уккан. Ал жанына барып, бейтааныш адам аны сабап жатканын көрдү. Бул учурда аны сабап жаткан киши аны көргөндө качып кетти. Маалым болгондой, Ю.Г. аттуу жергиликтүү тургун 1979-жылы туулган М.Н. тарабынан сабалган. Ал андан акча талап кылып, темир таяк менен сабап салган.

Аталган факт Кара-Көл шаарынын Ички иштер башкармалыгынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-беренеси (“Бейбаштык”) боюнча катталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө, иш КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (“Каракчылык”) менен кайрадан бөлүштүрүлдү.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, Ю.Г. жеңил жаракат алган.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: