Menu

Назарбаев: Путин — Орусиядагы шайлоодо негизги талапкер

Бөлүшүү:

Орусиянын азыркы президенти Владимир Путин 2018-жылы мартта өтө турган президенттик шайлоодо көп добуш алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ негизги талапкер болот. Мындай пикирин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казак ММК өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда билдирди.

– Владимир Владимирович Путин талапкерлигин койду, мен ага ийгилик каалайм. Менимче, ал бул шайлоодо президент болуп шайланууга мүмкүнчүлүгү жогору болгон негизги талапкер. Бул туура. Анткени Европанын көптөгөн өлкөлөрү менен АКШнын кысымы алдында турган азыркыдай оор маалда Путин мамлекеттик ишмер катары аларга туруштук берип, элди алдыга ээрчитүүдө, – деп билдирди казак лидери.

Назарбаев ошондой эле Казакстан менен Орусиянын ортосундагы азыркыдай мамилелерди сактап калуу керектигин кошумчалады.

Владимир Путин президенттик шайлоого төртүнчү ирет катышканы турат. Анын 2008-2012-жылдар аралыгында өкмөт башчысы катары иштеген мөөнөтүн эске алганда, жалпысынан бийликте 18 жыл болду. Нурсултан Назарбаев Казакстанды 28 жылдан бери башкарып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: