Өзбекстандын айрым облустарында бир канча ички МАИ бекеттери жоюлду. Бирок облустар арасындагы бекеттер ишин улантууда.
22-декабрда президент Шавкат Мирзиёев парламентке жолдогон кайрылуусунда өлкө облустарынын ортосунда МАИ бекеттеринин бар экенин сынга алган. Мамлекет башчы алар жол жүрүү эркиндигин чектеп, соода-экономикалык мамилелерге, ички жана тышкы туризмге терс таасирин тийгизип жатканын белгилеген.
«Учурда өлкө аймагында 60тан ашык МАИ бекети бар. Эгер катардагы жаран автоунаа менен Хорезмден Ташкентке баргысы келсе, ага 17 бекеттен өтүүгө туура келет. Ферганадан келаткан адам 8 бекеттен өтүшү керек болот», – деди президент.
Мамлекет башчы облус кире бериштериндеги бекеттерди жоюуну жана кайгуул кызматынын стационардык бекеттерин кескин кыскартууну тапшырган.
Жүргүнчү ташуу менен алектенген анжияндык айдоочулардын бири 23-декабрда Анжиян шаарына кире бериш жердеги МАИ бекети алынганын билдирди.
– Бул МАИ кызматкерлери түрдүү шылтоолор менен унааларды топтотуп, акча алып турган бекет болчу. Азыр анда МАИ кызматкерлери да жок. Айдоочулардын баары сүйүнүп жатышат, – деди ал.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ