Максим Бакиевдин жакын адамы катары Елисеевдин консультанты болуп иштеп, Бакиевдердин финансы боюнча көмүскө иштерин бүтүргөнү менен таанылган, 2010-жылы революциядан кийин дайынын чыгарбай кеткен Бектур Сагынов Темир Сариев өкмөт башчысы болуп турганда кандайдыр бир жол менен «Кыргызалтын» ишканасына финансы тармагын тейлеген орун басар болуп келген. Элдер түшүнбөй эле калышкан, баскан изи мандемдүү кадр кайдан маанилүү кызматка келип калды дешип. Бул кыраан боюнча «Кыргызалтын» ишканасынан өзүнчө айлык, «Кумтөрдөн» 5 миң доллар өзүнчө айлык алаары туурасында Жогорку Кеңештин депутаттары маселе көтөргөн жайы бар. Бирок аны Сагынов чиркей чакканчылык көргөн эмес. Ай сайын Канадага командировкага барам деп 5 миң доллардан да коротоору кеп болгон. Мамлекеттин акчасын жеке чөнтөгү катары пайдаланган неменин тизгинин тартаар жан жок экенине «Кыргызалтындын» жамааты эмдигиси баш катырып жатышат. Мына ушул жигит жакында эле «Борсан» курулуш компаниясынан 200 миң долларга квартира алыптыр. Алсын буюрсун дейли. Кайсы акчага? Кеп ошондо. Бул жигиттин «Кумтөрдө» 100 миң долларлык акцияга ээ экени айтылууда. Аялы «Кыргызалтындын» “Кыргызское Взморье” санаторийинин кожоюну сезип, тууган-уругун эс алдырганды адат кылып алганын каңырык түтөтүп кеп кылып жүрүшөт. Мына ушул чуусу көп жигит өкмөт башчысы Сапар Исаковду колго алып койдум, «Кыргызалтынга» жетекчи болом деп айгай салып жатканын, мындай ишмердүүлүгү мандемдүү немеге ишеним көрсөтүү кыйын экенин кесиптештери кеп кылышууда.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ