Кыргыз жаңгак токой массиви жылдан-жылга жашы картайып, өзүн-өзү жандануу, жашаруу процесси бираз солгундап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Бир катар мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик жыйында депутат Мирлан Бакиров билдирди.
“Жаңгак токой массивдери бир гана Кыргызстанда деп айтылып келет. Тастыктоо ирээтинде бир топ тарыхый баяндамаларды, экологиялык багытындагы илимпоздордун маалыматтарын карап чыктык. Бүгүн бүткүл дүйнөлүк экологдордун күнү. Жалпы биздин экология тармагында эмгектенип жүргөн экологдорду куттуктайм. Кыргыз илимпоздорунун айтымында кыргыз жаңгагы 35-50 миллион, ал эми Швецариядан келген илимпоздордун айтымында 2 миң жыл мурун пайда болгон. Жылдан-жылга бул жаңгактардын жашы картайып, өзүн-өзү жандануу, жашаруу процесси бираз солгундап жүрүп жатат. Ошондуктан жаңгак токой массивдин картасын, жайгашкан жерин аныктап, колго алалы деп чечтик. Медицина, экономика жагынан пайда алып келет. Башкача айтканда миң дартка даба”, – деди депутат Бакиров.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ