МУКК тарабынан терроризмде шектелген «Т.А.» аттуу КР жараны кармалды, – деп билдиришти.
Аныкталган маалыматтар боюнча «Т.А.» 2016-жылы ЭТУ бандиттик түзүмдөрүнө кошулуп, диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сириядагы өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкан.
2017-жылы эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) башчыларынын тапшырмасы менен жашыруун террористтик ячейкаларды түзүп, террористтик актыларды даярдап, ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө аракет кылган.
Азыркы убакта КР МУКК Тергөө органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 375 (жалданмачылык) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаран МУКК Тегөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ