Menu

Абактагы саясатчылардын “каралар” менен мамилеси кандай болуп жатат?

Бөлүшүү:

«Атамбаевдин амири менен камакка алынган  30дай саясатчы азыр ар кандай абалда  абакта олтурат. Кээ бирлери тергөө абагында болсо кээ бирлери түрмөлөргө которулду. Бирок баары азыр “каралардын” мыйзамына баш ийип беришти”, – деп билдирди биздин бул тармактагы маалымат булагыбыз.

“Өмүрбек Текебаев N47-колонияга которулду. Бул  колония мурун “кызылдардын” колониясы деп аталчу да ага мурун милицияда, сот жана прокуратура сыяктуу күч органдарында иштеп жүрүп, кылмыш жасап соттолгондор олтурчу. Азыр бул жерде “больничка” да бар. Жазаларды аткаруу кызматы башка абактарда жатып, ооруп калгандарды жана башка белгисиз себептер менен “кызыл” эместерди да “больничкага” которо берет. Бирок аларды  албетте “кызылдарга” кошушпайт. Өзүнчө башка кармоого аракет кылышат. Текебаев азыр  N47-колонияда  олтуруп, “каралардын” жазылбаган мыйзамдарына баш ийип жатканы менен өзүн “кара” деп тааныган жок. Ал эми Жаңы-Жердеги түзөтүү колониясына которулган экс-министр Дүйшөн Чотонов эмнегедир тез эле “каралар” менен тил табышып кетти. Ал өзүн  мындан ары “каралар” менен тилектеш экендигин  билдирип, “каралардын” мыйзамдарын тааныды. “Каралардын” авторитеттери менен камыр-жумур аралашып, абакта эч кандай кордук көргөн жок, өзүн жакшы сезет, мүңкүрөбөдү. Бирок, “каралар” аны  “кара” катары тааныйбы же “мужик” катары калабы али белгисиз. Аны авторитеттүү кеңеш гана чечет. Молдовановкадагы түзөтүү колониясына которулган Садыр Жапаров да Текебаев сыяктуу бир аз көнө албай жүрөт. Текебаевдин кылмыш дүйнөсүнүн королу,  “Мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев (Коля киргиз) менен да мамилеси мурун жакшы эмес болгон. Эсиңерде болсо, Чолпон-Атадагы ипподромго Атамбаевдик бийлик учурунда  Камчы Көлбаевдин атасынын ысмы ыйгарылган. Буга нааразы болгон Өмүрбек Текебаев парламентте кыйкырып жатып, ал ысымды артка алдыртып салган. Кийин биринчи көчмөндөр оюнуна Кырчын жайлоосуна депутаттар менен барган Өмүрбек Текебаев ал жердеги эң сыйлуу боз үйгө  Камчы Көлбаев киргизилип, сый көрсөтүлгөнүн жарыя кылган. Ошондуктан Текебаев “каралар” менен аралаша албай жатат. Башка колониялар сыяктуу эле N47-колонияда да колунда бар “каралар” кезектешип, ай сайын бирөөсү жылкы союп, контингентке эт менен сорпо таратат. Жакында андай кезек Текебаевге да келет. Баса, Нариман Түлеев N47-колонияда олтурганда бир топ ремонт иштерин өткөрүп, өзүнө жана Камчы Көлбаевге бирден камераны евроремонт жасаткан. Ал камерага Көлбаев менен Түлеев бошонуп кеткенден кийин бир топ саясатчылар жатып чыгышты. Бирок эмнегедир Текебаевди ал камерага киргизбей жатышат. Түрмөнүн администрациясы “караларга” жылкы союу, телефон, телевизор, муздаткыч сыяктуу ондогон жеңилдиктерди  үлгүлүү жүрүш-туруштары үчүн (албетте акчага) берет. Ошондуктан  жакында “каралар” абактагы саясатчыларга  “жөн олтургула, бул жерде саясатыңарды токтоткула, биз жеңилдиктерден айрылып калабыз” таризинде  “прогон” жасагандыктан, азыр баары шүк олтуруп калышты”, – деди биздин жеке маалымат булактар.

Булак:Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: