Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Аламбет Шыкмаматов 9-ноябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында ИИМ министрлигине көрсөтүлүп жаткан Улан Исраиловго суроо берип жатып айтты:
“Бүгүн, коомчулуктун эң көп талкуусунда Улан мырза сиздин дайындооңуз болуп жатат. Эгерде, сиз ИИМде жол коопсуздугу, жарандардын коопсуздугу, тергөөнүн адилеттүүлүгү, жанагы 10-башкармалыктын курал саткан кызматкерлерин тазалап, терс көрүнүштөргө аесуз күрөш жүргүзсөңүз, анда жаңы муунга үлгү болосуз. А эгерде саясий оппоненттерге каршы саясат жүргүзүү үчүн келе жаткан болсоңуз, анда реформа кылмак түгүл системаны талкалаган, министрликти репрессиялык аппаратка айландырган адам катары тарыхта жаман ат менен каласыз”,- дейт депутат.
Андан тышкары Кыргызстанда сөз эркиндигине репрессия болуп жатканын кошумчалады:
“Мына, Дайырбек Орунбеков деген журналистти 2 миллион сом соттун өкүмүн аткарбайсың деп камаганы турат. Бул түздөн-түз репрессия деп аталат. Сөз эркиндигин кысуу деп эсептейм. Соттун өкүмү чыккан 2 миллион сомду төлөй албайсың деп камаган мыйзамда жок. Соттун өкүмү менен айып салынган адамдар көп, алар эгерде мүмкүнчүлүгү болсо төлөйт, мүмкүнчүлүгү жок болсо төлөбөйт”,- дейт эл өкүлү.
Эскерте кетсек, 2010-жылдагы Ош коогалаңына Убактылуу өкмөттү жана ошол кездеги коопсуздук боюнча Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Алмаз Атамбаевди коогалаңга айыптап жазган макаласы үчүн, президент журналист Орунбековду 2 000 000 сом доого жыккан. Кийин, доону төлөй албаган журналистке кылмыш иши козголуп, учурда соттук териштирүү болуп жатат. Орунбековго козголгон кылмыш ишинин жазасы 2 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ