Учурда жол эрежеси сакталбагандыктын натыйжасында бир айдын ичинде бир канча жол кырсыктары катталууда. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Жол кырсыктарын алдын алуу жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин 2017-жылдын 23-ноябрындагы №309 буйругунун негизинде Баткен облусунун казысы Муса ажы Жолдошов аймактагы бардык мечиттерде жол коопсуздугу боюнча баяндама жасоо тапшырмасын берип, жума намазы окулуучу мечитерде имамдар элди, айдоочуларды жолдо жүрүүдө эрежелерди так сактоого чакырышты. Имамдар жума баяндарында жол эрежелеринин сактап, абайлоого чакыруу менен адам өмүрү бардыгынан кымбат экендигин эскертишти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ