Кечээ, 20-октябрда “Россия” телеканалында “Удивительные люди” (“Таңгалдырган адамдар”) телешоусуна 12 жаштагы Арсен Рахымбеков катышып, көрүүчүлөрдүн бардыгын таңгалдырды. Ал сахнага үч математик студент менен бирге чыгып, көп сандаган сандарды көбөйтүп жатышты. Бардыгынан биринчи мээсинде эсептеген Арсен болду.
Арсен негизи менталдуу арифметикага кызыгат. 2019-жылдын башында Казакстанда өткөн олимпиадада үчүнчү орунга татыган. Ал менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк чемпионатта Борбор Азиядан жалгыз өкүл болгон.
Ал өзүн тамашалап “калькулятор бала” деп коет экен. Каалаган эсепти 3 милисекунда ылдамдыкта чыгарып коет.
Шоудагы видеону бул жактан көрүңүз: https://www.youtube.com/watch?v=riEOA_vRj28
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ