Menu

Атамбаев бийлигинин урааны: Же! Ич! Эч тартынба!

Бөлүшүү:

Акыркы күндөрү бир катар ири коррупциялык иштердин бети ачылып, кылмыш иштери биринин артынан экинчиси козголо баштады. Атай кетсек, Тарых музейиндеги эмеректердин “тарыхый” баасы, Бишкекти көрктөндүрүүгө арналган 9 миң сомдук көчөттөр, Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы ат майданынын курулушу. Ага улай 28-майда темир жол бажысынын мурдагы башчысы камакка алынды.

Атмайдан алтынданбы?

Ысык-Көлдөгү 2-дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө даярдалып, жаңыланып курулуп жаткан ат майданынын курулуш иштериндеги да бир топ былыктар суунун үстүнө калкыды. Ат майдан Бактуу-Дөлөнөтү айылында жайгашкан. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Эсептөө палатасы менен биргеликте анын курулушуна кеткен чыгымдардын канчалык негиздүү экенин иликтей келгенде, мында да коомчулуктун оозун ачырган цифралар жайнады. Биринчи эле, подрядчик менен келишим эч кандай долбоорлук-сметалык документтерсиз, мамлекеттик экспертизасыз түзүлгөнү ачыкталган. Анын кесепетинен курулуштун чыгымдары 480 млн. сомдон 1 млрд. 584 млн сомго чейин өскөн. Ошондой эле ички курулуш иштериндеги чыгым да 10 млн.дон ашык суммага жогорулап, аны менен катар 144 млн. сом каржылык отчет документинде көрсөтүлбөгөн. Каржылык документте көрсөтүлбөгөн сон, ал каражат кимдир бирөөнүн чөнтөгүн толтурганы белгилүү нерсе эмеспи. Бул ишке тиешеси барлардын аракетине текшерүү иштери соңуна чыккандан кийин юридикалык баа берилээри айтылды.

Тарых музейиндеги “тарыхый” эмеректер

“Ата Мекен” фракциясы качантан бери оңдоо иштери эч эле аягына жетпей койгон Бишкектеги Улуттук Тарых музейине көчмө жыйын өткөрүштү. Депутаттар музейдин ички-тышкы ондоо иштери менен таанышышты. Айрыкча. ондоо иштеринен да ичиндеги эмеректерине кеткен сумма эл өкүлдөрүн жакасын карманууга аргасыз кылды.

– Музейдеги эшек түспөлүндөгү, бирок курулуш иштерин жүргүзгөн тараптын ынандыруусуна караганда, жыгачтан жасалган аттын баасы ар бири 14 миң еврону чапчыган.

– 58 даана жыгачтан жасалган “Барсбек” деп аталган инсталляциянын ар бири 600 доллар турат.

– Күзөтчүгө арналып сатылып алынган кадимки орундук 100 мин сом.

– Кийим илүүчү эмеректер үчүн 224 миң евро жумшалган.

Мына ушуларга жана башка эмеректерге жалпысынан 890 миллион сом сарпталган. Ички жасалгасына 690 миллион сом кеткен. Ички жасалгасы демекчи, музейдин шыбы гана ондолгон, калганы – дубалдары менен полу мурда кандай болсо ошол акыбалынан өзгөртүлбөгөн. Ошондо, шыпка эле 690 миллион сом сапырылыптыр.

Депутаттардын белгилөөсүндө, түрк тарап сырткы жасалгасын 4 миллионго ондоп беришкен. Ички жасалгасына келгенде кыргыз тарап түрктөрдүн жардамынан баш тартып, өздөрү ишти соңуна чыгарууну чечишкен. Бюджеттен бул үчүн 1,5 миллиард сом которулуп, Түркиядан 15 миллион доллар грант иретинде келген.

Тарыхый экспонаттардан да тарыхый баадагы эмеректери эсти оодарган музейдин ондоо иштериндеги мыйзамсыздыкты аныктоого “Ата Мекен” фракциясы. Башкы прокуратурага тапшырма беришти. Башкы прокуратура өз кезегинде баары кылдат текшерилээрин убадалады. Миллиондон каражаттар асманга учкан музейдеги коррупциянын айыпкерлери чын эле мыйзам алдында так жазасын алышабы, бул да убакыт менен бийликтен көз каранды болуп турат.

Шаарды көрктөндүрбөй эле, бюджетти көңтөргөн көчөт

Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан дагы бир иш – Бишкекти көрктөндүрүү максатында сатылып алынган көчөттөр боюнча да иликтөөлөр башталды. “Бишкек-жашылдандыруу” мамлекеттик ишканасы көчөттөрдүн ар бирин 9090 сомго сатып алган. Тергөөнүн версиясы боюнча, аталган мамишкана  келишим түзгөн.

“Арт Грин” компаннясы ар бир көчөтгү 9090 сомдон жалпы баасы 18,6 млн сомго жеткирмек болот. Мэрия аны менен катар “АГТ Азия” компаннясы менен да 8,9 миллион сомго келишим түзүп, “Зиар Строй” фирмасынан 14, 8 миллион сомдук көчөт атат. Мындан улам УКМК “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Кыргызстандын кызыкчылыгы каралбаган келишим түзүү” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Мэрия көчөттөр Европадан алынып келингенин, ар бири 9 миңге бааланганын билдирген. Бирок, “европалык” көчөттөр биздин климатка жана топуракка көнүшө бербегендиктен, жазда тигилген алардын 28и арадан бир-эки ай убакыт өтпөй куурап калганы белгилүү болгон. Ошентип, Бишкек мэриянын борбор калааны көрктөндүрүү аракети шаардык бюджетке ири чыгымды алып келүү менен гана коштолду.

Бир эле бажычы 166 миллион зыян келтирди

“Түндүк” темир жол бажысынын жакында кызматтан алынган башчысы Нурбек Айбашовго да карата кылмыш иши козголду. Ага “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылган. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын карап, тергөө аяктаганга чейин абакта кармоо чечимин кабыл алды.

Айбашов “А” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жең ичинен макулдашууга барып, Кытайдан товарларды мыйзамсыз бажы каттамы менен алып келүүгө көмөктөшүп турган. Анын айынан бюджетке милдеттүү бажы төлөмдөрү төлөнбөй, жалпысынан 166 миллион сом зыян алып келген.

Айбашовдун үйү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан тинтүүгө алынды. Видео интернет тармагына жарыяланып, аны көргөн адамдардын көз алдына заңгыраган эки кабат үйдөгү ар бир дүнүйө-мүлк Кытайдан мыйзамсыз жол менен алынып келинген товарлардын элесин тартты. Анан дагы экс-башчынын үйүнөн ар бири 50 мин доллардан турган 25 кол сааттын табылганы коомчулуктун эсин оодарды. Бул кылмыш иши акыйкат тергелип, кол сааттардын “коллекционери” Айбашов татыктуу жазасын алабы, жеп-ичкендерин тийиштүү тараптар менен тең бөлүшүп жиберсе, эркиндикте калабы – бул азырынча жоопсуз суроо.

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: