Орусиянын Сириядагы Хмеймим авиабазасы минометтон аткыланып, бери дегенде жети аскерий учак зыянга учурады.
Окуя 31-декабрда болгонун, онго жакын жоокер жараат алганын Орусиянын “Коммерсантъ” басылмасы дипломатиялык жана аскерий булактарга таянып билдирди. Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты расмий бышыктай элек.
Орусиянын расмий кишилери жана айрым маалымат булактары 27-декабрда аткылоо болгонун, бирок адамдар жана техникалар жабыркабаганын билдиришкен эле.
12-декабрда орус президенти Путин Хмеймим базасына күтүүсүз барып, Сирияда “Ислам мамлекети” радикал тобу талкаланганына байланыштуу орус күчтөрүнүн орчундуу бөлүгүн өлкөдөн чыгарып кетүү ишин баштоону тапшырган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ