Menu

Атамбаевге каршы маалыматтык согуш жана өч алуу аракеттери башталды

Бөлүшүү:

Ошентип, Алмазбек Атамбаевдин да президенттик мөөнөтү желдей учуп, 6 жыл көз ирмемчелик өтүп кеткендей сезилди. Бирок, бул аралыкта өтө оор сыноолор, мамлекеттик деңгээлдеги чайпалуулар, стабилдүүлүктү бузууга аракеттер далай ирет болду. Бир сөз менен айтканда, экс-президенттин чачы агарды, жүзүн бырыш басты.

Албетте, социалдык турмушубузду жакшыртууга, экономикабызды көтөрүүгө аракеттер көрүлдү. Коррупция менен күрөш мурда болуп көрбөгөндөй жүз берди. Ошого катар Атамбаев оппоненттерине да «аңчылык иштерин» аёосуз жасаганы көз жаздымда калбайт. Дал ушул жагы бүгүнкү күндөгү эң оор көйгөйгө айланып кете турганын айтпасак да белгилүү. Атамбаев кызматынан кеткенден бери ага маалыматтык согуш башталып, өч алууга билек түргөндөрдүн саны арбый баштады. Роза Отунбаева башында турган Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү «согушуунун» пландарын түзө башташты. Анан калса, 2010-жылдан бери камалып, ыдык көргөн саясатчылар, чиновниктер дагы ызырынып жүрүшкөнү айдан ачык. Маселен, Ахматбек Келдибеков, КамчыбекТашиев, Нариман Тулеев ж.б. бир топ белдүү жигиттерден куралган күчтөр бар. Ал эми бүгүнкү күндө түрмөлөрдө «саясый куугунтуктун жарнагы менен» 20 чакты коомдук ишмерлер кармалууда. Алар да убакыт сааты келгенде эркиндикке чыга башташат. Жашоо вазыйпасы ушундай экен, көпчүлүк пенделер түрмөгө жатып чыкканда кекчил, карышкырдай өч алуу миссиясына өтүп алышары ажеп эмес.

Ооба, Алмазбек Шаршеновичтин мыйзамда көрсөтүлгөн экс-президенттик кол тийбестиги бар. Бирок, аны бүгүнкү бийлик, күч органдары жана өкмөтчүл маалымат каражаттары ар дайым эле колдой бербесе керек. Эл да карап турат. Эртең эле айтып чыгышат. «Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевдин укуктары бирдей, экөө тең
экс-президенттик макамга ээ. А эмне үчүн мамлекеттик мүмкүнчүлүктөр бирдей болбойт? Бирин өгөйлөп атса, экинчисин көтөрмөлөйт?» дешип. Дал ушул жагынан экөөнүн ыйгарым укуктарын салыштырып отурушуп, акыры чатак чыкпайбы? Ушул өңүттөн да кылдан кыйкым издегендер тымызын иштей башташыптыр…

Жыйынтыгында, Атамбаев бийликте тургандагыдан да чыйралып, эми накта күрөшкө даярданышы парз. Эң оболу, маалыматтык согушка туруштук берүү шарт, бул жаатта чабуулду күчөтүү керек. Эми мурдагыдай бийликчил маалымат булактары тизе бүгө кызмат кылбайт да. Баса, баары менен эле уруша бербей, белдүү, эркин калемгерлердин күчүн алуу мезгили келди го…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: