Абалак ордо федерациясы тууралуу да айтчу эки ооз кебибиз бар. Былтыр жаңы гана федерация катары түзүлдү. Анын башчысы Сейит Бокошов 70тен өтсө да өзү оюн дегенде ойт берип, ичкен ашын жерге коё чуркагандардын бири. Накта эле «жылаңач баатыр»! Кээ бир бай федерация башчыларындай болбой, өзү курап, акчаны да таап, жер-жерлерди кыдырып, мелдештерин байма-бай өткөрүүнүн үстүндө. Эми 2018-жылы өтө турган Көчмөндөр оюнуна тап берип аткан кези.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ