Премьер-министр Сапар Исаков КР өкмөтүнүн аппаратынын бир бөлүмүн толугу бойдон өз милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кызматтан айдады.
«Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелинде кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун даярдоодо тапшырылган милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бир катар кызматкерлери өз ыктыяры менен кызматтан бошотулду деп айтылат Сапар Исаков кол койгон буйрукта.
Буйрукка ылайык КР өкмөтүнүн Евразиялык экономикалык биримдиктин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Санжар Үмөталиев, анын орун басары Индира Ахматова жана бөлүмдүн 3 эксперти: Жоомартбек Кубанычбеков баштаган адистер, бардыгы болуп 5 кызматкер кызматтарынан ажыраган.
Эсиңиздерге сала кетсек, жогоруда аталган Бажы кодексин 27-декабрда Жогорку Кеңеште ратификациялоо учурунда мыйзамдын алдына “Мыйзамга кол коюлгандан кийин 15 күндөн кийин күчүнө кирет” деген норма камтылган. Мыйзам өкмөттөн өтүп, парламенттен ратификацияланып, президентке кол коюуга барганда башын мыкчыган чиновниктер мыйзамды кайра артка жөнөтүшкөн. Анткени Евразеске кирген өлкөлөр Россия, Казакстан, Белоруссия жана Армения президенттери Бажы кодекси 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет деп макулдашылган эле. Ошондуктан парламенттин колун кайрып жатып президенттик аппарат Бажы кодексин жаңы жыл майрамынын алдында 27-декабрда кабыл алдырган. Акыркы жылдарда бийликке топтолгон компетентсизиктин айынан өлкөнүн бүтүндөй бир парламентин кайрадан 30-декабрга кезексиз жыйын уюштуруп, ошол кодекстин алдына “мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет” деп жаздырып, кайра добуш бердирип, кабыл алдырышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ