Menu

Сот Аида Салянованы күч менен отурумга алып келүүнү буйруду

Бөлүшүү:

Ленин райондук соту Кубанычбек КасымбековЖогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованы күч менен сотко алып келүү өтүнүчүн колдоду.

Аида Саляновага каршы козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланууда. Бүгүн эртең менен соттун башталышында депутат кызы ооруп жатканын айтып, отурумду кийинкиге жылдырууну сунуштаган.

Анын өтүнүчүн сот канааттандырган эмес. Түшкү тыныгуудан кийинки сотко Аида Салянова келген жок. Мамлекеттик айыптоочу аны күч менен алып келүүнү сунуштап, аны сот колдоду. Бирок, аягында эртеңкиге чейин тыныгуу жарыяланды.

Эскерте кетсек, мурдакы Башкы прокурор Юстиция министрлигин жетектеген кезде юрист Алексей Елисеевдин жактоочулук лизенциясын мыйзамсыз түрдө узартып берген деп айыпталууда. Аида Салянованын билдирүүсүндө, жактоочулук лизенциясы Елисеевге кылмыш иши козголгонго чейин узартылган. Ал министр катары эч бир мыйзамдын чегинен чыкпагандыгын айтып келет.

Булак: “24.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: