Экс-коргоо министри Таалайбек Өмүралиев генералдык чинин кайтарып алды. Ага министр болуп турган учурда кызмат абалынан кыянат пайдаланып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деген негизде кылмыш иши козголгон. Натыйжада, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 22-декабрда Өмүралиевди генерал-майор чининен ажыратып, беш миллион сом айып салган. Мындай чечимге нааразы болгон Өмүралиев жогорку инстанцияларга кайрылган. Жакында шаардык сот анын генералдык наамын калыбына келтирип, калган жазасын райондук соттун чыгарган өкүмүн күчүндө калтырды. Мындай өкүм чыгышына премьер-министр болуп отурган досу, айылдашы Мухаммедкалый Абулгазиев чоң милдет өтөгөнү айтылды.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ