“Рита айым, сизди Грузияга кетти деп окудум эле, келип калдыңызбы? Мага фейсбуктан кайрылган экенсиз, “президенттик аппаратка жетекчи болуп иштеп берет элем” деп, азыр жооп берип коёоюн, дароо президенттик аппаратка жетекчи кылып дайындай албайм, ал үчүн кызматтык тепкичтерди басып өтүп, тажрыйба топтошуңуз керек. Кааласаң президенттик аппараттын бөлүмдөрүнө келип иштөөгө чакырам, анан тажрыйба топтосоң, андан ары көрө жатарбыз”, – деди бүгүн, 19-июлда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда укук коргоочу Рита Карасартовага кайрылып.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ