“Бишкектеги № 17 жана №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун коронавирус жуктуруп алган кызматкерлери үй карантининде болушкан” – деп билдирди бүгүн, 9-майда КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
“№17 үй-бүлөлүк медицина борборунун 8 кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Алар тиешелүү дарылоодон өтүшүп, айыгып, үйлөрүнө чыгарылган. Ал эми №3 үй-бүлөлүк медицина борборунда инфекциянын 15 учуру катталган. Үчөө сакайып, ооруканадан чыгарылган. Стационарда 11 кызматкер жатат. Тилекке каршы, бир дарыгер оорудан каза болду”, – деди Нурболот Үсөнбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ