Бишкектеги башаламандыктан кийин белгисиз адамдар “Ак үйдүн” имаратын өрттөштү.
Жогорку Кеңештин имаратында төртүнчү, бешинчи, алтынчы жана жетинчи кабаттарда бир нече кеңселер күйүп жатат.
Митингчилердин айтымында, кимдир бирөө бир кеңсени өрттөп жиберген, андан кийин өрт башка жайларга жайылып кеткен.
Азырынча окуя болгон жерге бир өрт өчүрүү кызматы келди.
Кечээ, 5-октябрда бир нече миң адам парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык ирээтинде Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулган. Жоон топ элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агыза турган газ, желим ок, кулак тундуруучу граната ыргытып, таратууга аракет кылган. Милиция менен кагылышуулар митингчилердин Ак үйдүн имаратына кирип келиши менен жыйынтыкталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ