Кечээ, 9-январда Ош шаарынын Кызыл-Аскер көчөсүндө 41 жаштагы аялдын жансыз денеси табылганын милицияга билдиришкен. Окуя болгон жерге келген милициянын ыкчам иликтөө тобу кайтыш болгон аял 1977-жылы туулган М.А экенин, ал 4 кабыргасы сынып, башы жарылып өлгөнүн аныкташкан.
Иликтөөлөрдүн негизинде М.А. менен акыркы айларда жарандык никеде жашаган 41 жаштагы Н.Б. кылмышка шектелип, издөөгө алынып, ошол эле күнү, 9-январда Ош шаардык базарынан кармалган.
Н.Б.нын айтуусунда ал аялы М.А. менен Кызыл-Аскер көчөсүндө батир жалдап, акыркы бир нече айдан бери жарандык никеде жашап жүрүшкөн. 7-январь күнү алар арак ичип олтурушуп, кызганычтан улам кер-мур айтыша кетишип, аялын катуу сабайт да анан үйүнөн чыгып кетип калган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ