Menu

Адил Турдукулов премьер-министр Сапар Исаков авиакеросиндин пайдасын “сол чөнтөккө” солоп жүргөн дейт

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сапар Исаков  “Манас” аэропортуна авиакеросин саткан Максим Бакиевдин Central Asia Fuels компаниясы уюштурган коррупциялык схеманын катышуучусу болгон.

Бул тууралу активист жана укук коргоочу Адил Турдукулов билдирди.

Турдукулов авиакеросин Россиядан Кыргызстанга биздин керектөөлөрдөн алда канча көп көлөмдө келип түшөрүн айтты. Бул кандай максатта экенин так ушул премьер-министрден сураш керек дейт жарандык активист .

“Россия бүт дүйнө жүзү боюнча жылына 1 миллион тонна авиакеросин экспорттосо, анын жарымын, башкача айтканда 500 миң тоннасын бизге, Транзиттик ташуулар борборуна жөнөтөт. Анын 1 тоннасынын баасы – 30 миң рубль. Натыйжада жылына жарым миллиард доллар табышат. “Кумтөр” алтын кени биякта эле калат. Россия Кыргызстанга жөнөткөн авиакеросинге пошлина албайт.  Кыргызстандын чакан авиапаркы мынча көлөмдө, Шереметьево менен Домодедово эл аралык аэропорпттору экөөсү бириккенде да иштете албай турган көлөмдө авиакеросин керектебесин баары эле билип турушкан, бирок баары “бармак басты көз кысты” мамиле жасашкан”, – деп жазды Адил Турдукулов  фейсбуктагы баракчасында.

Укук коргоочу ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудиновдун россиялык “Газпром” ишканасынын башкармалыгынын төрагасына жазган катынын сүрөтүн жарыялады. Ал катта премьер-министр Чудинов кыргызстандык Central Asia Fuels компаниясына айына 40 миң тонна авиакеросин жеткирип турууну улантууну  суранат.

“Бул катты ким даярдаган? – Ал учурда Чудинов башкарган өкмөттүн тышкы саясат бөлүмүн Сапар Исаков жетектеп турган. Андан кийин Сапар Исаков Максим Бакиевдин ЦАРИИсинин тышкы коммуникациялар бөлүмүн башкарууга өткөн, ал эми  2010-жылдын 7-апрелинен тартып, КР Президентинин тышкы саясат бөлүмүн тынымсыз башкарып келди”, – деп жазат Турдукулов.

Эң акырында айтчу сөз, Сапар Исаков учурда Транзиттик ташуулар борборуна күйүүчү майларды саткан  “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы болуп да иштейт”, – деп жыйынтыктайт Турдукулов.

Премьер-министр Сапар Исаковдун пресс-кызматы бул билдирүүнү курулай эле сөз деп комментарийлөөдөн баш тартты.

Вести.kg сайтынан кыскартып кыргызчаланды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: