Menu

Соке Топчукенин айтканына көнбөсө, кайрадан оппозиция катары баш көтөрөт

Бөлүшүү:

Эсиңерде болсо, 2010-жылдагы 7-апрель окуясынан соң Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Топчубек Тургуналиев 20 жылдан бери эл канын соргон мурда-кийинки чиновниктерди люстрациялоо боюнча мыйзамын андагы президент Роза Отунбаеванын кароосуна жөнөткөн. Роза Исаковна көшөрүп колдоо кылбай койгон соң, Топчуке айтканынан кайтпай, демилгесин кийинки президент Атамбаевге жөнөтөт. Демилгеси Алмазбек Шаршенович тарабынан да колдоо таппаган соң демин ичине катып, шүк жүргөн. Өлкөбүзгө жаңы президент келиши менен Топчуке баягы идеясын көтөрө чаап, Сооронбай Жээнбековдун назарына люстрация боюнча мыйзамын колдоп берүүнү сунуштаганы туру. Эгер аксакалдын демин Сооронбай Жээнбеков да суутса, анда эзели тынчыбаган Тургуналиев азыркы президентке оппозиция катары опурулуп чыгары күтүлүүдө. Жүзүнө карылыктын сыпаты кирип калган чакта баштагыдай кайраты ме­нен Жээнбековго айбат берип чыгышы кыйын болуп калат го?

Булак: Азия Ньюс

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: