Menu

Депутат Дастан Бекешев: «Өзгөчө ишкерлер уюшкан кылмуштуу топтордун кысымына кабылууда»

Бөлүшүү:

Көп учурларда уюшкан кылмуштуу топтор тарабынан жабыр тарткан жарандар, анын ичинде ишкерлер арыз менен кайрылбайт. Алар кийин зыяны тийип кылып койобу деп коркушат. Чын эле ошондой болуп жатат. Кылмышкерлер милицияны таптакыр тоотпой калды. Буга жакында эле болгон Бостери айылындагы кафенин өттөлүшүн мисал тартсак болот. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. Ал өзгөчө ишкерлер уюшкан кылмуштуу топтордун кысымына кабылып жатканын баса белгиледи. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

«Кафенин ээси мурда эле уюшкан кылмуштуу топтор тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканы боюнча милицияга кайрылыптыр. Бирок, алар УКТ мүчөлөрүн камактан бошотуп жиберишкен. Мына, эми анын аягы эмне менен бүткөнүн көрүп турасыздар. Мындай окуялар Каракол баштаган көп жерлерде болгон. Мен ошондо да бул маселени козгогон болчумун, андан жарытылуу жыйынтык чыккан эмес. ИИМ, алтургай, УКМК баштаган укук коргоо органдары бул маселени көзөмөлгө алып, тийешелүү чараларды көрүшү керек», – дейт эл өкүлү.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: