Жаңы жылга чейин премьер-министр Сапар Исаков бажы кызматына Кубанычбек Кулматовду апкелип жатып, абдан мактаган. «Мактаган кыз тойдо осурат» болуп, эми кайра сөгүш алды. Бул не деген саясат? «Өкмөт бала бакчага айланды» деген эл ичиндеги сөз ырасталып атат го? Кулматов мурда бажыны «кууратып» кеткенин көпчүлүк айтып жүрөт. Учурдагы төлөмдөрдү ыраатка салууну ойлобой эле жалаң кадр саясаты менен алектенип, системага чалды-куйду иш-аракеттерин жасоодо. Бажы биримдигине, бүт дүйнөгө уят болуп бүттүк. Системада шалаакылык, ыраатсыздык. Мындай акмакка эл кантип чыдайт эми? Айтор, жакында бажы тармагында жетекчиликке ишенбөөчүлүк көрсөтүү менен жарылуу вазыйпасы болгону турат. Аз калды.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ