Menu

Келечекте Канатбек Исаев менен элибиз сыймыктанат

Бөлүшүү:

Ошентип, буга чейин коррупция боюнча айыпталып келген парламент депутаты Канатбек Исаев 4-январь күнү сот аны сааттын жебеси түнкү 12ни чамалаганына карабастан 12 жылдык жаза мөөнөт ыйгарып, мойнундагы жазасын күчөтүлгөн режимдеги жайдан өтөөгө өкүм чыгарды. Муну менен эле чектелбей, судья өзүнүн алсыз чечими менен Исаевди үч жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салды. Коомчулук эл өкүлүнө карата чыккан чечим саясый негизде токулганын бир ооздон белгилешүүдө. Барган сайын көпчүлүк катмар Канатбек Исаевге карата “ойдон токулган” иштин жалган экенине ынангандыктарын төмөндөгү пикирлерден эле толук билүүгө болот.

 Мирлан БАКИРОВ, ЖКнын вице-спикери:

— Кесиптешибиз Канатбек Кедейканович Исаев боюнча соттун чечими чыкты. Менин жеке баамымда, аны 12 жылга үй мүлкүн конфискациялоо менен эркинен ажыратуу адилеттүү болгон жок. Себеби, Канатбек Кедейканович убагында өлкөбүздөгү эң жаш шаар мэрлеринин бири болгон, эки жолку Жогорку Кеңештин депутаты, эң чоң Чүй облусунун губернатору, партия жетекчиси, коалициялык көпчүлүктү жетектеп турган мамлекеттик жана коомдук ишкер катары билем. Ал кезегинде “Көк-бөрү” федерациясынын президенти катары улуттук оюндардын өнүгүшүнө, ошондой эле баш калаадагы “Ак кула” ат майданынын мамлекеттин менчигине кайтарылышына бир топ эмгек жасады. Жогорудагы мисалдарды калыстык үчүн айтып коюш керек. Ал эми Токмок шаарында мэр болуп турган кездеги бүгүнкү күнү коюлуп жаткан кинелер боюнча башка маселе. Менин маалыматымда, атайын депутаттык комиссия түзүлүп, ар бир пункт боюнча изилденип чыккан жана кандайдыр бир олуттуу мыйзам бузууну аныктаган эмес. Башкача айтканда, ошол китепкана жана башка объекттер боюнча Исаевге чейинки чечимдер шаардык кеңештин чечимдери менен бекилген. Албетте, соттун чечимин  сот гана карап баа берет. Демек, экинчи инстанцияда калыс каралып, адилеттүү чечим чыгат деген ишеничтемин!

 Кадыр КОШАЛИЕВ, коомдук ишмер:

— Парламент депутаты Канатбек Исаевди кыргыз коомчулугу өз көз карашы бар, принципиалдуу саясатчы катары билишет. Сыягы анын акыркы саясаттагы жүрүштөрү кимдир бирөөлөргө жакпай калды окшойт да. Анан калса Канатбек Исаевдин кылмыш иши туурасында менде толук маалымат жок. Эгерде ал ак болсо, эртеби-кечпи сөзсүз акталып чыгат. Ал эми азыр да кезегинде Кыргызстанды сызга отургузушкан кээ бир адамдар жогорку мамлекеттик кызматтарда тайраңдап жүрүшкөнү жакшы көрүнүш эмес. Жаңы президент ушундай башаламан бараткан кээ бир иштерди иретке салат деген элде чоң үмүт бар.

 Асия САСЫКБАЕВА, экс-вице-спикер:

— Канатбек Исаев акыркы жылдарда өлкөдө болуп жаткан адилетсиздикти, мамлекеттик чиновниктер тарабынан мыйзам бузуулар болгонун депутат катары айтып чыккан. Негизи ал өзүнүн түздөн-түз депутат катары милдетин аткарган. Анткени, депутаттар болгон көйгөйлүү маселелерди көзөмөлгө алып, аны жоюу боюнча өкмөткө тапшырма бергенге укуктуу. Коррупциянын өсүшүнүн деңгээли Кыргызстандын коопсуздугуна таасир эте турган абалга келип калганыбыз жөнүндө кооптонуп, бир нече жолу Жогорку Кеңеште айтып чыкканы үчүн камалды деп эсептейм! Эгерде ал башка эле бир көпчүлүк депутаттарга окшоп өлкөдөгү көйгөйлөрдү көрмөксөнгө салып, айрымдар менен бирге коррупцияга чогуу аралашып отура берсе, анда аны камабай, мамлекеттин эсебинен жеген “устуканынан” бөлүшүп отурушмак!

 Каныбек ИМАНАЛИЕВ, ЖК депутаты:

— Эл өкүлү, кыргыздын чыгаан уулу Канатбек Исаевге байланыштуу маселеде укуктук мыйзам бузууга караганда, саясый боёктор көп экени соттук териштирүүдө коомчулукка ачык билинип калды деп ойлойм. Сот системасы бийликтен толук көз каранды эмес болгондо гана мамлекетте сот адилеттиги өкүм сүрүшү мүмкүн.

Канжар Борпошов

Булак: Азия Ньюс

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: