Menu

Сыймыктуу инсан Сыймык Бейшекеев

Бөлүшүү:

Өнөр улуу, өнөр касиеттүү. Бул аксирманы эч ким тана албайт. Алыс кетпей туруп эле айталы, элибиз «Өнөрлүү өргө чабат»-деген кеп айткан. Айтылуу Абылай хан да адегенде өнөр адамдарын төргө өткөрүп, андан соң гана өзү алардын артынан ээрчигенин тарых тактап турат. Мына ушундай өнөрдүн өрүн көздөй жан үрөп, жашоодо өнөр га­на улуу экендигин даңазалап келе жаткандардан Кыргыз куру эмес.

Алсак, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти  Сыймык Бейшекеев башкаларга үлгү  боло турган инсан. Өзүнүн жөнөкөйлүгү, оор басырыктуулугу, улуу-кичүү дебей бирдей мамилеси менен сый- урматка татып келет. Кыргыздар жаш-кары дебей саясаттын күңгөй- тескейин талкуулап, алыбыз жетсе, жетпесе дагы саясатка башыбызды тыга бермейибиз бар. Ал эми Сыймык мырза өзүнүн өнөр жолу менен гана алпурушуп саясатка жакын жолобойт. А түгүл шайлоо маалында шадыраңдап кайсы бир талапкерди колдогонун да көргөн жокпуз. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда ар качан өнөрдөн пайда издебейт. Тескерисинче ар качан өткөргөн концерттеринде элге жардам, кайрымдуулук иштерин жасап келээри белгилүү. Өнөр ээси так ушул кишидей болсо гана…

Аман Иманалиев

Булак: Де-Факто

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: