Menu

Ден соолуктун сакчысыбы же саткыныбы!?

Бөлүшүү:

Өнүккөн өлкөлөрдө ден соолук – зор байлык, андан ажырап калуу – экономикалык жана руханий жактан жардылыкка алып келип, саламаттыгы начар эл менен күчтүү мамлекет куруу мүмкүн эмес. Учурдагы бат өзгөрмөлүү заманда ден соолук улуттардын, мамлекеттин келечегинин жана коопсуздугунун олуттуу маселесине айланууда. Ардактуу, ошол эле мезгилде чоң жоопкерчилик милдети тагылган ак халатчан дарыгерлерге бүтүндөй улуттун саламаттыгын сактоо милдети жүктөлгөн.

Саламатчылыктын сакчылыгында күнү-түнү турган, өз кесибинин өтөөсүнө чыккан республикабызда мыкты дарыгерлерибиз арбын. Бирок кийинки мезгилде саламаттыкты сактоо жагын терең билген, ал тармактын финансылык, чарбалык тарабын да таасын өздөштүргөн, тажрыйбалуу уюштургуч, жигердүү жетекчи саламаттыкты сактоо министрлигине дайындалбай келет.

Учурдагы КРнын Саламаттык­ты сактоо министри Талантбек Батыралиев 6-ноябрь, 2014-жылы КРнын Президентинин № 202 Указы менен министрликке дайындалган. Чет мамлекетте окутуучулук орундан министрдин тактысына таамай секирген Талантбек Абдуллаевич а дегенде эле “Турцияда он миң доллар айлык акы алчумун” деп, эки күндүн биринде саймедирейт. Өз өлкөсүндөгү айлыгына алымсынбаган министр, он миң доллардын ордун толтуруунун амалын ар качандан бир качан оонап жатып ойлоп, басып баратып башын оорутуп, кадр маселесин каалагандай калчап кирет. Сала­маттыкты сактоо тармагындагы саламга келбеген жетекчилерди кылдан кыйкым таап, жумурткадан кыр чыгарып четинен айдап, жакын санаалаштарын, дос- курсташтарын жогорку кызматтарга дайындайт. Курулай сөз менен жалааны жаба бербестен де-фактого токтололу.

Батыралиев кызматка келгенден бери жалпы саламаттыкты сактоо тармагында, министрликтин борбордук аппаратында ото эле өгөйлөнгөн салкын атмосфера түзүлүп, “өзүм билем, өзүм гана бийликти жүргүзөм” деген принцибинин айынан 2015-2017- жылдары министрликтин борбордук аппаратынан 49 кызматкер, 120 медициналык уюмдун жетекчилери жалпы республика боюнча 50 пайызы эч негизсиз иштен бошотулуп, бир топ чыр-чатактын жаралуусуна алып келген. Бул боюн­ча бир нече соттук териштирүү жүрүп, соттон бир тобу утуп чыгышкан. Талантбек Батыралиевдин кадрдык, финансылык, чарбалык чалмакей салган иштерин далилдүү фактылар менен келтирген медициналык уюм­дун жетекчилери КРнын Президентине, Жогорку Кеңештин төрагасына, премьер-министрге, Генералдык прокуратурага, Мамлекеттик коопсуздук кызматына, коопсуздук кеңешинин секретарына кайрылуу кат жолдошкон. Бул кайрылуу Кыргыз-Туусу газетасына жарыяланып, Жогорку Кеңештин депутаты А.Ж.Исмаилова жетектеген 13 депутаттын курамынан түзүлгөн комиссия 15.11.2017-жылы КРнын Саламаттыкты сактоо министри Т.А.Батыралиевдин ишмердүүлүгүн тыкыр изилдеп, текшерип чыгышты. Акмын деп актанган, тазамын деп таранган Талантбек мырзанын эмгек китепчесине ЖК депутаттары көңүл буруп, одоно жазууларды таап чыгышты. Эмгек китепчесинде 01.10.1989-жылдан 01.02.1993-жылдары Кыр­гызстан илим-изилдөө кардиологиясында илимий кызматкер, 01.08.1993-31.12.1995-жылдары Турциядагы Чукуров университеттинин медициналык факультетинин кардиология кафедрасында чет элдик окутуучу болуп эмгектенет. Айы, күнү жазылбаган 1997-жылы “БапкоХолдинг” компаниясында инвес­тиция боюнча директору болгон. Андан соң 1997-жылдан 06.11.2014-жылга чейин Т.Батыралиевдин эмгек китепче­синде ишмердүүлүгү жөнүндө бир дагы жазуу жок. Эмгек китепчесинде 17 жылдын жазуусу жок болсо, ал жылдары эмне менен алектенип, эмне иштерди аткарып жүргөнү бир гана өзүнө маалым. Ал убакта медицинаны таштап, коммер­цияга баш-оту менен кирген деген айың кептер да бар.

Буга карабастан Батыралиевдин эмгек стажысы 30 жыл 6 ай делинип, мамлекеттик кызматкерлердин көп жылдык эмгек стажысына кошулуучу айлык акынын 40 пайызын койдуруп алып, 166 592 миң 96 тыйынды кошумча айлык катары алып жүргөнү депутатгык топтун текшерүүсүндө калкып чыкты.

Министрликтин стратегиялык бөлүмдөрүнө медициналык билими, тажрыйбасы жоктор, де­геле медицинага тиешеси жок адамдар кабыл алынып турган. Мисалы юридикалык жогорку билими жок Юсупова Б.А. коррупцияны алдын алуу боюнча, медицина тармагында эмгек стажысы жок Мамадалиев Т.А министрдин жардамчысы, Кожоназарова жетектөөчү адис, Жолчиев А.С. ички аудиттин жетектөөчү адиси, Шадыканов К.Ч. медициналык жана фармацевтик кызмат көрсөтүү бөлүмүнө үч айлык сыноо мөөнөтү менен кабыл алынышкан. Сатып алууну уюштуруу бөлүмүнүн башчылыгына конкурс жарыяланып, Бейшебаева Зинат Ыксановна 59,2 балл, Назарбеков Азиз Даулович 67,3 балл алса, “КР мамле­кеттик граждандык жана муниципалдык кызматы жөнүндөгү” мыйзамды одоно бузуу менен №75 30 май 2016-жылы Бейше­баева З.Ы. министрдин буйругу менен дайындалган.

Айтор Талантбек мырза кадр маселесинде “талантын” көрсөтүп, көңүлүн көтөрбөгөн 49 кызматкерди, 105 медициналык уюмдун жетекчилерин кызматтан айдаган. “Мындай жагымсыз абал Саламаттыкты сактоо министрлигинин борбордук аппаратында жана жалпы эле республиканын медицина тармагында моралдык-психологиялык климаттын начарлашына министр Батыралиев Т.А. тарабынан жалпы улуттун саламаттыгына, калктын ден соолугуна орду толгус кедергисин тийгизген” деп, депутаттык жумушчу топ баса белгиледи.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан облусттук төрөт үйлөрүнө жана Эне менен баланы коргоо улуттук борборуна 2015-жылдын жай айында 8 реанимациялык автомобилдерди алуу үчүн 1 млн. 100 миң долларга голландиялык фирма менен келишим түзүлөт. Ал реанимобилдердин бир унаасы үчүн 137 миң 500 доллар делинип, өз баасынан ашыкча баа коюлуп, макулдугун беришкен. Ошол эле жылы эки эсе арзан баадагы “Мерседес” автомашинасын 69 миң 800 долларга алышкан. Реанимобилдер үчүн акча каражаты толугу менен төлөнсө да ал автоунаалар жарым жыл кеч келип, Казакстандын жолунан экөө жол кырсыгына учурап бузулган абалда жеткирилсе, жөнөтүүчүлөргө эч кандай доомат коюлган эмес.

Өткөн жылдын 25-декабрында депутаттык комиссиянын жыйынтыгын Социалдык, билим, илим, маданият жана саламат­тыкты сактоо парламенттик ко­митета карап, жогорку Батыралиевдин жоболоңдуу иштери боюнча эмнегедир депутаттар арасында талаш-тартыш жүрүп, Батыралиевдин жоопкерчилигин кийинки мөөнөткө жылдырышкан. Т.Батыралиев болсо комиссиянын справкасын толук окуй электигин, окуткан күндө да бул финансылык, кадрдык каталарды тумтак мойнуна албай, сүттөн акмын деп баса берген.

Депутаттык жумушчу топ Т.Батыралиевдин финансылык жана административдик мүнөздөгү каталарды кетиргендиги үчүн, мындан сырткары өз убагында нормативдик-укуктук актыларды аткарбагандыгы үчүн КРнын Премьер-министри Сапар Исаковго Т.Батыралиевди министрлик кызматтан бошотууну сунуштап, бардык справкада көрсөтүлгөн далилдүү документтерди КРнын Генералдык прокуратурасына, КРнын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын антикоррупциялык кызматына, Мамлекеттик экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматына министрликтин жооптуу кызмат адамдарын справкада көрсөтүлгөн көптөгөн кемчиликтерин тергөө үчүн жөнөтүлдү.

Сөз соңунда баягы эле батылдыгы бар, саламаттыкты сактоо жагына баатырдыгы жок Талантбек Батыралиев суудан суурулуп кургак чыгып, өлкөбүздүн сала­маттыкты сактоо тармагын курута береби же жигерсиз жетекчиден акыры кутулушабы айтор аярлай туралы.

Назарбек Өмүргазиев

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 94 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: