Жогорку Кеӊештин бүгүн, 17-январда өтүп жаткан жыйыны 2017-жылдын 16-январында “Боинг-747” үлгүсүндөгү жүк ташуучу учактын “Манас” эл аралык аба майданына жакын жайгашкан Дача-Су айылына кулашынан улам каза болгон мекендештерибизди бир мүнөт ордунан туруп эскерүү менен башталды.
Жалпы депутаттарынын атынан каза болгон жарандарыбыздын дагы бир ирет көңүл айтып, аза кайгыларын бөлүшкөн Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков алардын башына түшкөн оор кайгы эстен чыкпай турганын белгиледи. “Элибизди азапка салган мындай кандуу окуялар кайталанбасын. Жергебизде тынчтык, өлкөбүздө биримдик болсун”, – деди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ